> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бажы 2023-жылы 95 млрд сом чогултат деп күтүлүүдө - быйыл ал 10 айда 53 млрд араң жыйнады
- URL: https://im.kg/all/2022/11/22/bazhy-2023-zhyly-95-mlrd-som-chogultat-dep-k-t-l-d-byjyl-al-10-ajda-53-mlrd-ara-zhyjnady/
- Published: 2022-11-22T12:00:58.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:37:18.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылы бажы төлөмдөрү 94.6 млрд сомду түзүшү керек. Келерки жылдын бюджетинин долбоорунда Финансы министрлиги ушундай божомолду берген.**

Эске сала кетсек, быйылкы жылдын планы боюнча бажы кызматкерлери **98.4 млрд сом** чогултушу керек эле, бирок жыйымдар болгону **52.9 млрд сомду** түзгөн. Эми бажычылар жок дегенде 75 млрд сом чогултабыз деп аракеттенип жатышат, ал эми минкаб төрагасы Акылбек Жапаров аларды жапырт кызматтан айдайбыз деп коркутууда.

Акчанын ойдогудай түшпөй калышы – бюджетке жалпысынан 10 млрд сомдой каражат түшпөй калган – көбүнесе Украинадагы согушка жана Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү болгон Россияга каршы киргизилген санкцияларга байланыштуу.

> Кошумчалай кетсек, бюджеттин долбооруна ылайык, 2024-жылы бажы 117.3 млрд сом, 2025-жылы 136.6 млрд сом түшүрүшү керек.