> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан дээрлик бардык негизги азык-түлүк товарларынын импортунан көз каранды
- URL: https://im.kg/all/2022/11/22/kyrgyzstan-deerlik-bardyk-negizgi-azyk-t-l-k-tovarlarynyn-importunan-k-z-karandy/
- Published: 2022-11-22T16:45:27.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:14:56.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстан өзүн азык-түлүктүн эки түрү менен гана – картошка жана сүт менен 100% камсыздай алат. Бул тууралуу Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы билдирди.**

Кыргызстан өз өндүрүшүнүн эсебинен негизги тамак-аш азыктары менен төмөнкүдөй өлчөмдө камсыз кыла алат:

- нан азыктары боюнча – 80%
- өсүмдүк майы – 90%
- тоок жумурткасы – 40%
- кумшекер – 40%
- эт – 90%
- мөмө-жемиштер – 40%

> Өндүрүүчүлөр бул өлкөдө дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы кырдаалдан, ошондой эле Кыргызстанга азык-түлүк экспорттоочу өлкөлөрдүн тышкы соода саясатынан **өтө көз каранды болуу коркунучун жаратат** деп белгилешет. 

Ассоциация ошондой эле агроөнөр жай комплексинин өкүлдөрү бул маселени 23-ноябрда «Глобалдык өзгөрүүлөр мезгилинде Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу» деген темадагы тегерек столдо талкуулашарын билдирди.