Кыргызстан дээрлик бардык негизги азык-түлүк товарларынын импортунан көз каранды

Кыргызстан өзүн азык-түлүктүн эки түрү менен гана – картошка жана сүт менен 100% камсыздай алат. Бул тууралуу Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы билдирди.

Кыргызстан өз өндүрүшүнүн эсебинен негизги тамак-аш азыктары менен төмөнкүдөй өлчөмдө камсыз кыла алат:

  • нан азыктары боюнча – 80%
  • өсүмдүк майы – 90%
  • тоок жумурткасы – 40%
  • кумшекер – 40%
  • эт – 90%
  • мөмө-жемиштер – 40%

Өндүрүүчүлөр бул өлкөдө дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы кырдаалдан, ошондой эле Кыргызстанга азык-түлүк экспорттоочу өлкөлөрдүн тышкы соода саясатынан өтө көз каранды болуу коркунучун жаратат деп белгилешет.

Ассоциация ошондой эле агроөнөр жай комплексинин өкүлдөрү бул маселени 23-ноябрда «Глобалдык өзгөрүүлөр мезгилинде Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу» деген темадагы тегерек столдо талкуулашарын билдирди.