> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда электрондук документтер эми юридикалык мааниге ээ
- URL: https://im.kg/all/2022/11/22/kyrgyzstanda-elektronduk-dokumentter-emi-juridikalyk-maanige-ee/
- Published: 2022-11-22T10:30:23.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:37:11.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Минкаб санариптик документтерди кагазга теңеп, Кыргызстандын бүткүл аймагында юридикалык мааниге ээ деп тааныды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.**

Эми КР жарандары “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, кызмат адамдарына, юридикалык жана жеке жактарга электрондук документтерди көрсөтө алышат.

> Учурда “Түндүк” тиркемесинде төмөнкү документтер бар: паспорт, айдоочунун күбөлүгү, транспорт каражаты катталгандыгы тууралуу күбөлүк. Жакында башка документтер да кошулмакчы.

Санариптик документти колдоно баштоо үчүн биринчи төмөнкү нерселерди жасаңыз:

- Бирдиктүү идентификациялоо системасына (БИС) кирип, катталыңыз (ал үчүн Калкты тейлөө борборуна барып, электрондук цифралык кол тамга алыңыз – бул акысыз);
- “Түндүк” мобилдик тиркемесин телефонуңузга AppStore же PlayMarket аркылуу жүктөңүз;
- электрондук санариптик кол тамганы колдонуп, мобилдик тиркемеге кириңиз;
- “Санариптик документтер” бөлүмүнө өтүңүз.