Кыргызстанда электрондук документтер эми юридикалык мааниге ээ
Минкаб санариптик документтерди кагазга теңеп, Кыргызстандын бүткүл аймагында юридикалык мааниге ээ деп тааныды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Эми КР жарандары “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, кызмат адамдарына, юридикалык жана жеке жактарга электрондук документтерди көрсөтө алышат.
Учурда “Түндүк” тиркемесинде төмөнкү документтер бар: паспорт, айдоочунун күбөлүгү, транспорт каражаты катталгандыгы тууралуу күбөлүк. Жакында башка документтер да кошулмакчы.
Санариптик документти колдоно баштоо үчүн биринчи төмөнкү нерселерди жасаңыз:
- Бирдиктүү идентификациялоо системасына (БИС) кирип, катталыңыз (ал үчүн Калкты тейлөө борборуна барып, электрондук цифралык кол тамга алыңыз – бул акысыз);
- “Түндүк” мобилдик тиркемесин телефонуңузга AppStore же PlayMarket аркылуу жүктөңүз;
- электрондук санариптик кол тамганы колдонуп, мобилдик тиркемеге кириңиз;
- “Санариптик документтер” бөлүмүнө өтүңүз.