> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандан сыртка 600 млн доллардан ашык валюта агып кетти
- URL: https://im.kg/all/2022/11/22/kyrgyzstandan-syrtka-600-mln-dollardan-ashyk-valjuta-agyp-ketti/
- Published: 2022-11-22T11:00:04.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:37:14.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Быйылкы жылдын үч кварталында Кыргызстандан акча которуулардын көлөмү 608.8 млн долларга жетти. Мындай маалыматты Улуттук банк берет.**

Маалым болгондой, валютанын эң көп агылып чыгышы жылдын үчүнчү кварталына туура келип, Кыргызстандан башка өлкөлөргө 363.1 млн доллар которулган. Экинчи чейректе которуулардын көлөмү 154.1 млн долларды түзүп, ал эми биринчи кварталда болгону 91.6 млн доллар сыртка которулган.

> Ал эми **сырттан келген валютанын көлөмү азыраак.** Алсак, отчеттук мезгилде 598.9 млн доллар өлкөгө кирген.

Еврону тышка которуу болгону 3.8 млн еврону түзсө, өлкөгө 74.1 млн евро келген.