Кыргызстандан сыртка 600 млн доллардан ашык валюта агып кетти

Быйылкы жылдын үч кварталында Кыргызстандан акча которуулардын көлөмү 608.8 млн долларга жетти. Мындай маалыматты Улуттук банк берет.

Маалым болгондой, валютанын эң көп агылып чыгышы жылдын үчүнчү кварталына туура келип, Кыргызстандан башка өлкөлөргө 363.1 млн доллар которулган. Экинчи чейректе которуулардын көлөмү 154.1 млн долларды түзүп, ал эми биринчи кварталда болгону 91.6 млн доллар сыртка которулган.

Ал эми сырттан келген валютанын көлөмү азыраак. Алсак, отчеттук мезгилде 598.9 млн доллар өлкөгө кирген.

Еврону тышка которуу болгону 3.8 млн еврону түзсө, өлкөгө 74.1 млн евро келген.