> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президенттин Иш башкармалыгы Бишкекте бизнес-борбор курат
- URL: https://im.kg/all/2022/11/22/prezidenttin-ish-bashkarmalygy-bishkekte-biznes-borbor-kurat/
- Published: 2022-11-22T14:08:11.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:37:28.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Президенттин Иш башкармалыгы Бишкектин Гоголь көчөсүнө бизнес борборун курат. Бул тууралуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) алкагында долбоорду ишке ашыруу үчүн жеке өнөктөш издөө боюнча жарыядан белгилүү болду.**

Президентинин Иш башкармалыгына караштуу «Мамлекеттик курулуштар департаменти» ишканасы тарабынан бизнес-өнөктөш издөө жарыяланган. Ишкана бардык кызыкдар тараптарды **“Гоголь көчөсү, №94 дарегинде бизнес-борбор куруу”** мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча сынакка катышууга чакырат. 

Бардык кызыкдар компаниялар документтерин Инвестициялык агенттикке төмөнкү дарек боюнча тапшырса болот: Бишкек шаары, Раззакова көчөсү, 8/1.

Арыздар 20-декабрга чейин кабыл алынат. Сынактын бардык шарттары менен [МЖӨ борборунун сайтынан](https://ppp.gov.kg/tpost/mpj7v0j7k1-priglashenie-k-uchastiyu-v-konkurse-po-p) таанышса болот.