> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткен облусундагы жапа чеккен насыя алуучулардын 438 кредити кечилип же жеңилдетилди
- URL: https://im.kg/all/2022/11/23/batken-oblusundagy-zhapa-chekken-nasyya-aluuchulardyn-438-krediti-kechilip-zhe-zhe-ildetildi-2/
- Published: 2022-11-23T10:45:43.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:55:47.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Баткен облусундагы Тажикстандын кол салуусунан жапа чеккен карыз алуучуларга колдоо көрсөтүү максатында каржы-кредиттик мекемелердин карызгерлеринин 438 кредити кечилип же шарттары жеңилдетилди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.**

17-ноябрга карата кредиттик уюмдарга 443 карыз алуучу кайрылган. Арыз бергендердин 19.5 млн сомдук **283 кредити эсептен чыгарылып**, 36.5 млн сомдук **155 кредит жеңилдетилген**.

Азыркы учурда финансы-кредиттик уюмдар бул аймактагы жабыркаган карызгерлеринин бардык арыздарын кароону улантууда, деп белгиледи Улуттук банк.