Баткен облусундагы жапа чеккен насыя алуучулардын 438 кредити кечилип же жеңилдетилди
Баткен облусундагы Тажикстандын кол салуусунан жапа чеккен карыз алуучуларга колдоо көрсөтүү максатында каржы-кредиттик мекемелердин карызгерлеринин 438 кредити кечилип же шарттары жеңилдетилди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
17-ноябрга карата кредиттик уюмдарга 443 карыз алуучу кайрылган. Арыз бергендердин 19.5 млн сомдук 283 кредити эсептен чыгарылып, 36.5 млн сомдук 155 кредит жеңилдетилген.
Азыркы учурда финансы-кредиттик уюмдар бул аймактагы жабыркаган карызгерлеринин бардык арыздарын кароону улантууда, деп белгиледи Улуттук банк.