> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эл жана ишкерлер баалардын өсүшүн кууп жете албай жатат - Аалы Карашев
- URL: https://im.kg/all/2022/11/23/el-zhana-ishkerler-baalardyn-s-sh-n-kuup-zhete-albaj-zhatat-aaly-karashev/
- Published: 2022-11-23T15:55:36.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:16:37.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Калк жана ишкерлер баалардын тез өсүшүнө туруштук бере албай жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аалы Карашев азык-түлүк коопсуздугу боюнча тегерек столдо билдирди.**

> «Бүгүнкү күндө өлкө, калк жана ишкерлер баалардын ылдам өсүшүн кууп жете албай жатат», – деди ал.

Быйылкы жылдын 10 айында эле инфляция 12.1%ды түзүп, азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 13.1%га өскөнүн Карашев белгилеп айтты. Кумшекердин баасы 33.5%га, ун – 26.9%га, макарон жана башка дан азыктары – 22.5%га, башка сүт азыктары – 22.4%га кымбаттаганын айтты.

Бир жагынан өлкөдө орточо айлык акы 27.9%га өскөнүн, бирок ал көбөйгөн кирешенин баары азык-түлүк сатып алууга жумшалганын экс-депутат кошумчалай кетти.