> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекет «Текстиль Транс» ЖЧК жана «Шумкар» ишканаларынын кредит алуусуна кепилчи болот
- URL: https://im.kg/all/2022/11/23/mamleket-tekstil-trans-zhchk-zhana-shumkar-ishkanalarynyn-kredit-aluusuna-kepilchi-bolot/
- Published: 2022-11-23T17:53:59.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:53:04.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекет «Текстиль Транс» ЖЧК жана «Шумкар» ТУК ААК ишканаларынын кредит алуусуна кепилчи болуп берет. Бул тууралуу Финансы министрлигинин Каржы-кредиттик фондунун отчетунда айтылат.**

Компанияларга кепилдик ушул жылдын 9-сентябрында министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган ата мекендик субъекттерге кепилдик берүүнүн бекитилген тартибинин алкагында берилет.

> Каржы-кредиттик фонддон билдиришкендей, учурда бул жаатта «Текстиль Транс» ЖЧКсы жана «Шумкар» ТУК ААК менен иштер жүргүзүлүп жатат.

Ушул жылдын сентябрь айында **«Текстиль Транс», «Айыл Банк»** жана **фонддун** ортосунда үч тараптуу кепилдик келишимине кол коюлган.

Учурда **«Шумкар» ТУК ААК** жана **John Deere Financial** компаниялары менен кепилдик келишимине кол коюу багытында иштер жүрүп жатат.