> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекетке 20 млн сом карыз «Кара-Балта спирт заводу» дагы бюджеттик кредит алды
- URL: https://im.kg/all/2022/11/23/mamleketke-20-mln-som-karyz-kara-balta-spirt-zavodu-dagy-bjudzhettik-kredit-aldy/
- Published: 2022-11-23T17:31:30.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:16:46.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинети «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына 280 млн сом бюджеттик кредит бөлдү. Бул тууралуу Финансы-кредиттик фонддун ишинин жыйынтыгы боюнча отчетто жазылган.**

Насыянын шарттарына ылайык, компания алган карызын 2023-жылдын аягына чейин кайтарып бериши керек. Акча республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө боюнча жобонун алкагында берилген.

Белгилей кетсек, 1-октябрга карата Салык кызматынын маалыматы боюнча, “Кара-Балта спирт заводунун” **камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 20.6 млн сом карызы бар.**