Мамлекетке 20 млн сом карыз «Кара-Балта спирт заводу» дагы бюджеттик кредит алды
Министрлер кабинети «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына 280 млн сом бюджеттик кредит бөлдү. Бул тууралуу Финансы-кредиттик фонддун ишинин жыйынтыгы боюнча отчетто жазылган.
Насыянын шарттарына ылайык, компания алган карызын 2023-жылдын аягына чейин кайтарып бериши керек. Акча республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө боюнча жобонун алкагында берилген.
Белгилей кетсек, 1-октябрга карата Салык кызматынын маалыматы боюнча, “Кара-Балта спирт заводунун” камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 20.6 млн сом карызы бар.