> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Русатом» Кыргызстанда чакан атомдук электр станциясын куруу долбоорун даярдайт
- URL: https://im.kg/all/2022/11/23/rusatom-kyrgyzstanda-chakan-atomduk-elektr-stanciyasyn-kuruu-dolboorun-dayardajt/
- Published: 2022-11-23T09:45:45.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:37:46.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Россиянын «Русатом Энерджи Проджектc» ААКсы Кыргызстанга чакан атомдук электр станциясын куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап берет. Бул макулдашуу боюнча Энергетика министрлиги маалымат берди.**

Сочиде өткөн «АТОМЭКСПО-2022» эл аралык форумдун алкагында Кыргызстандын энергетика министрлиги менен Россиядагы «Русатом Энерджи Проджект» акционердик коомунун («Росатом») кызматташуусу жөнүндө документке кол коюлду.

> Макулдашууга ылайык КР Энергетика министрлиги менен «Росатом» Кыргызстандын аймагында чакан кубаттуулуктагы атомдук станцияны куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдашат. 

Документке Энергетика министри Таалайбек Ибраев, «Русатом Энерджи Проджекттен» Андрей Рождествин кол койду.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/315887721_177189568239360_863293084663227414_n.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/315887721%5F177189568239360%5F863293084663227414%5Fn.jpg)
- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/316806398_177189548239362_5119786586592165519_n.jpg)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/11/316806398%5F177189548239362%5F5119786586592165519%5Fn.jpg)