> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түркия кыргызстандыктардын эмгек стажын пенсия эсептөөдө кошо баштады
- URL: https://im.kg/all/2022/11/23/t-rkiya-kyrgyzstandyktardyn-emgek-stazhyn-pensiya-esept-d-kosho-bashtady/
- Published: 2022-11-23T09:00:51.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:37:43.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Түркия эки өлкөнүн ортосундагы социалдык камсыздандыруу боюнча келишимге ылайык, ал жакта жашаган кыргызстандыктардын** **пенсиясын эсептөөдө Кыргызстанда иштеген эмгек стажын кошуп санай баштады. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.**

Ведомствонун айтымы боюнча, Түркияга иштегени кеткен кыргызстандыктар келечекте ал жактан пенсия ала алышат. Бул укук Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы социалдык камсыздандыруу келишими 2020-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө киргенден бери пайда болгон.

Бул келишимдин алкагында түрк тарап кыргызстандыктардын иш стажы жөнүндө 115 сурам жөнөткөн, анын ичинен 62 суроо-талап быйылкы жылдын январь-октябрь айларында түшкөн.

> Бардык түшкөн кайрылуулардын **105и** **каралып чыгып**, аларга тиешелүү жооптор берилгенин Социалдык фонд билдирди.