Бул жылы энергетикага чыгымдар эки эсе өстү - Финмин
Быйыл энергетика жана энергетикалык коопсуздукка 15.6 млрд сом жумшалат. 2021-жылга салыштырмалуу чыгымдар эки эсеге көбөйдү – анда бул тармакка 6.4 млрд сом багытталган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
2022-жылдын 10 айында энергетика тармагына 12.6 млрд сом бөлүнгөн. Бул сумма былтыркы жылдын ушул эле мезгилиндеги чыгашалардан 6.2 млрд сомго көп.
Мындан тышкары, электр энергиясын импорттоого, күйүүчү май сатып алууга, Камбар-Ата ГЭС-1ди жана Бала-Саруу кичи ГЭСин курууга 11.1 млрд сомдук ири бюджеттик кредит бөлүнгөн.