> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Келерки жылда мамлекеттик кызматкерлерге кеткен чыгым 40 млрд сомго көбөйөт
- URL: https://im.kg/all/2022/11/24/kelerki-zhylda-mamlekettik-kyzmatkerlerine-ketken-chygym-40-mlrd-somgo-k-b-j-t/
- Published: 2022-11-24T12:12:16.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:17:00.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Келерки жылы мамлекеттик кызматтардын жалпы бюджеттик чыгашалары 111.2 млрд сомдон ашат. Быйылкы жылга салыштырмалуу чыгымдар 40.1 млрд сомго көбөйөт. Бул тууралуу 2023-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорунда жазылган.**

Алсак, бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгашалар 39.5 млрд сомго көбөйүп, жалпысынан 109.3 млрд сомду түзөт. Калган каражат атайын эсептен – 1.8 млрд сом (650 млн сомго көбөйөт) бөлүнөт. Мамлекеттик кызматкерлерге кеткен чыгашалар 2023-жылга карата **республикалык бюджеттин жалпы чыгашасынын 29.1%ын жана ИДПнын 12%ын** түзөт.

Көбөйгөн чыгымдар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга, Социалдык фондду, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун каржылоого, трансферттерди теңдештирүүгө, мамлекеттик карызды тейлөөгө каралган.