> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Коомдук имараттардын жылуулук жоготуусун 50%га азайтса болот
- URL: https://im.kg/all/2022/11/24/koomduk-imarattardyn-zhyluuluk-zhogotuusun-50-ga-azajtsa-bolot/
- Published: 2022-11-24T11:19:20.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:16:55.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда 9.8 миң коомдук имарат бар. Алардын дээрлик 90%ы жылуулукту тез жоготот, анткени эски технологиялар боюнча курулган. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалыматында айтылат.**

Бул имараттар жылына болжол менен 8.5 ГВт/саат энергия керектейт.

> «Энергияны үнөмдөөнү жогорулатуу боюнча зарыл чараларды ишке ашырсак, энергиянын жалпы керектелиши 50-60%га кыскарат же үнөмдөө жылына 5 ГВт/саатты түзөт», – деп айтылат маалыматта.

Бул максатка жетүү үчүн уюштуруу, стратегия жана методика боюнча мамлекеттик колдоо керек.

> «Энергияны үнөмдөө боюнча чараларды күчөтүү зарыл: мисалы, жалпы керектөөнү жыл сайын 1-3%га кыскартуу керек», – деп белгиледи Экономика министрлиги.