Коомдук имараттардын жылуулук жоготуусун 50%га азайтса болот
Кыргызстанда 9.8 миң коомдук имарат бар. Алардын дээрлик 90%ы жылуулукту тез жоготот, анткени эски технологиялар боюнча курулган. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалыматында айтылат.
Бул имараттар жылына болжол менен 8.5 ГВт/саат энергия керектейт.
«Энергияны үнөмдөөнү жогорулатуу боюнча зарыл чараларды ишке ашырсак, энергиянын жалпы керектелиши 50-60%га кыскарат же үнөмдөө жылына 5 ГВт/саатты түзөт», – деп айтылат маалыматта.
Бул максатка жетүү үчүн уюштуруу, стратегия жана методика боюнча мамлекеттик колдоо керек.
«Энергияны үнөмдөө боюнча чараларды күчөтүү зарыл: мисалы, жалпы керектөөнү жыл сайын 1-3%га кыскартуу керек», – деп белгиледи Экономика министрлиги.