> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КР аскердик товарлардын экспортун көзөмөлдөөнү көздөөдө
- URL: https://im.kg/all/2022/11/24/kr-askerdik-tovarlardyn-eksportun-k-z-m-ld-n-k-zd-d/
- Published: 2022-11-24T13:39:48.000Z
- Updated: 2022-11-24T13:39:50.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Мамлекет экспорттолгон аскердик продукцияны көзөмөлдөөнү көздөөдө. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алыны. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.**

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мыйзамсыз продукцияны колдонуудагы зыяндын тобокелдигин азайтат. Ошондой эле норма экономиканын жарандык секторлорунда гана эмес, аскердик максаттардын алкагында да колдонула турган товарларга карата экспорттук контроль жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин аткарууга жардам берет.

Иликтенген [материалдарга](http://localhost/info-portal/news/2022/11/07/kyrgyzstan-rossiyaga-10-mln-somduk-kuraldardyn-meel-d-rb-l-r-n-eksporttodu/) таянсак, Кыргызстан Россияга 10 млн сомдук куралдардын мээлөө дүрбүлөрүн экспорттогон. Экспорт 2021-жылга салыштырмалуу **7 эсеге өскөн** – былтыр 1.3 млн сомго 41 аспап экспорттолгон (бир гана Россияга). 2020-жылы бул топтогу товарлардын экспорту нөлгө барабар болчу.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстанды санкцияланган товарларды Россияга киргизиши мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмесине киргизген эле.