> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Русатомдун» долбоору Кыргызстанга АЭС керек же керек эмес экенин түшүнүүгө жардам берет - Энергетика министрлиги
- URL: https://im.kg/all/2022/11/24/rusatomdun-dolbooru-kyrgyzstanga-aes-kerek-zhe-kerek-emes-ekenin-t-sh-n-g-zhardam-beret-energetika-ministrligi/
- Published: 2022-11-24T18:00:03.000Z
- Updated: 2023-05-30T07:07:29.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Россиялык «Русатом» корпорациясы чакан атомдук электр станциясын куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин гана даярдайт. Энергетика министрлиги өлкөдө АЭС курулушу боюнча маалыматты тактады.**

Ведомствонун айтымында, атомдук электр станциясын куруу боюнча эч кандай чечим кабыл алынган жок. Бул маселени чечүүдө калктын пикири эске алынат.

> “Кол коюлган документте кызматташуу тууралуу сөз болууда. Ага ылайык, долбоордун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгат. Бул Кыргызстанга атомдук электр станциясын куруу максатка ылайыктуубу же жокпу деген маселени түшүнүүгө негиз болот”, – деп түшүндүрдү ведомство.

Министрлик АЭС куруу маселесин талкуулоодо экология маселеси каралат деп ишендирди.

**Бул тема боюнча башка материалдарды окуңуз:**

[«Русатом» Кыргызстанда чакан атомдук электр станциясын куруу долбоорун даярдайт](http://localhost/info-portal/news/2022/11/23/rusatom-kyrgyzstanda-chakan-atomduk-elektr-stanciyasyn-kuruu-dolboorun-dayardajt/)