«Русатомдун» долбоору Кыргызстанга АЭС керек же керек эмес экенин түшүнүүгө жардам берет - Энергетика министрлиги
Россиялык «Русатом» корпорациясы чакан атомдук электр станциясын куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин гана даярдайт. Энергетика министрлиги өлкөдө АЭС курулушу боюнча маалыматты тактады.
Ведомствонун айтымында, атомдук электр станциясын куруу боюнча эч кандай чечим кабыл алынган жок. Бул маселени чечүүдө калктын пикири эске алынат.
“Кол коюлган документте кызматташуу тууралуу сөз болууда. Ага ылайык, долбоордун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгат. Бул Кыргызстанга атомдук электр станциясын куруу максатка ылайыктуубу же жокпу деген маселени түшүнүүгө негиз болот”, – деп түшүндүрдү ведомство.
Министрлик АЭС куруу маселесин талкуулоодо экология маселеси каралат деп ишендирди.
Бул тема боюнча башка материалдарды окуңуз:
«Русатом» Кыргызстанда чакан атомдук электр станциясын куруу долбоорун даярдайт