> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Журналист Болот Темировду Москвага айдап жиберишти
- URL: https://im.kg/all/2022/11/24/zhurnalist-bolot-temirovdu-moskvaga-ajdap-zhiberishti/
- Published: 2022-11-24T09:37:29.000Z
- Updated: 2023-05-03T10:16:48.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Иликтөөчү журналист Болот Темиров кечээ саат 20:00дө “Манас” аэропортунан Москвага учкан учакка отургузулду, деп билдирет [Kaktus.media](https://www.facebook.com/kaktus.kyrgyzstan/posts/pfbid0xGoonhTjKKthGhhyfaBK2UKqELfx4SPSdzV3GEhk5iV9tMq37Ju9oXfRBp1XsgBml).**

Басылманын булактарынын айтымында, журналист менен укук коргоо органынын кызматкери учуп кеткен.

> Болот Темировдун **эч бир мамлекеттин паспорту жок**.

Алдын ала маалыматтар боюнча, укук коргоо органдарына Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен Болот Темировдун атына кандайдыр бир документ келип түшкөн. Бул документтин негизинде Темиров өлкөдөн чыгарылган.

Белгилей кетсек, бул Бишкек — Москва каттамын Avia Trafic Company компаниясы аткарат. Учак саат 20:00дө учуп чыгышы керек болчу.

---

Эске сала кетсек, кечээ Бишкектин шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировго карата райондук соттун чечимине прокуратуранын апелляциясын карады. Соттук коллегия [журналистти Кыргызстандан айдоо чечимин чыгарды](https://economist.kg/novosti/2022/11/23/bolota-temirova-uvezli-v-neizvestnom-napravlenii-sud-postanovil-vydvorit-ego-iz-kr/). Чечим жарыялангандан кийин Темировду **күч менен сот залынан чыгарып кетишкен.** Адвокаттарга Темировду ким жана кайда алып кетишкенин айтпай коюшкан.

Темиров буга чейин бийлик өкүлдөрүнүн бизнестерин, саясатын иликтеген материалдарын чыгарып келген.