> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бийлик бир жылдан бери мал чарбачыларга жеңилдетилген кредиттер жөнүндө айтып келет – бирок акча бере элек
- URL: https://im.kg/all/2022/11/25/bijlik-bir-zhyldan-beri-mal-charbachylarga-zhe-ildetilgen-kreditter-zh-n-nd-ajtyp-kelet-birok-akcha-bere-elek/
- Published: 2022-11-25T13:00:34.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:19:50.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Дүйнөлүк банк Кыргызстанга сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кошумча каражат – 17 млн доллар [бөлгөн.](https://economist.kg/novosti/2021/04/09/vsemirnyj-bank-vydelit-dopolnitelnye-17-mln-na-razvitie-molochnogo-sektora-kr/) Бул тууралуу өкмөт мал чарбачыларга жыл башынан бери айтып келе жатат, бирок акча бере элек.**

> Финансы мининстрлигинин айтымында, учурда Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы потенциалдуу бенефициарлар – фермерлер менен жолугушуулар өтүп, долбоордун шарттары тууралуу маалымат таратылып жатат.

Ноябрдын башында Финмин Дүйнөлүк банктын делегациясы менен кошумча каржылоо долбоорун ишке ашыруу боюнча жолугушуу өткөргөнүн [айткан эле](https://www.minfin.kg/posts/451). Ал 2022-жылдын башынан бери ишке ашырылып келет. Бирок **мал чарбачыларга ал программа боюнча каражат берилгендиги жөнүндө маалымат чыга элек.**

Программанын буга чейинки фазасынын алкагында 2044 фермер Ысык-Көл облусунда сүт өндүрүү боюнча долбоорлорго 2 млн доллардан ашык каражат алган.

Белгилей кетсек, кошумча каржылоонун жарымы грант, калган жарымы 0.75% үстөк жана алты жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен 38 жылга берилген кредит.

> Программанын алкагында **10 млн доллар** микрокредиттердин айлануу фондусу аркылуу фермерлерге 1500 долларга чейинки насыяларды берүүгө багытталат.