> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дүйнөлүк банк Баткендин бюджетин жана ишкерлерин колдоо үчүн 25 млн доллар бөлдү
- URL: https://im.kg/all/2022/11/25/d-jn-l-k-bank-batkendin-bjudzhetin-zhana-ishkerlerin-koldoo-ch-n-25-mln-dollar-b-ld/
- Published: 2022-11-25T16:36:56.000Z
- Updated: 2023-05-03T09:59:18.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин депутаттарына Баткен облусунун жабыр тарткан тургундарына эл аралык институттар тарабынан колдоо көрсөтүлүп жатканын айтты.**

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева былтыр 2021-жылы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жапа чеккендерге кандай мамлекеттик колдоо көрсөтүлгөндүгү тууралуу суроо берди.

Экономика министри Данияр Амангелдиев парламентарийлерге Дүйнөлүк банк жергиликтүү бюджетти жана ишкерлерди колдоо үчүн 25 млн доллар бөлгөнүн билдирди.

> «346 ишкерге 253.6 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыялар берилип, компенсацияларды төлөө шарттары каралууда», – деди ал.

Буга чейин [**Economist.kg**](http://localhost/info-portal/) Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо механизмдери тууралуу кененирээк [жазган](https://economist.kg/novosti/2022/11/14/346-predprinimatelej-v-batkene-poluchili-lgotnye-kredity/).