> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытайдан Өзбекстанга темир жолдун курулушун изилдөө үчүн кытайлык инженерлер келишти
- URL: https://im.kg/all/2022/11/25/kytajdan-zbekstanga-temir-zholdun-kurulushun-izild-ch-n-kytajlyk-inzhenerler-kelishti/
- Published: 2022-11-25T14:56:12.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:38:42.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн кытайлык инженерлер Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу бүгүн элдик курултайда президент Садыр Жапаров билдирди.**

Жапаров адистер Нарын жана Жалал-Абад облустарында изилдөө иштерин жүргүзөрүн айтты.

> «Бул темир жолдун курулушу өлкөбүзгө деңизге чыгууга мүмкүндүк берет, биздин темир жолду транзиттик жолго айлантат. Бул өнүгүүгө чоң экономикалык түрткү берет», – деди Жапаров.

Бийлик ири долбоордун ишке ашырылышы келечекте мамлекетке ири кирешелерди алууга жана чет элдик инвестицияларды тартууга кеңири шарттарды түзөт деп ишенерин айтты.