> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мыйзамсыз алкоголь жана тамеки ташыгандар товарынан да, транспортунан да айрылышат - Салык кызматы
- URL: https://im.kg/all/2022/11/25/myjzamsyz-alkogol-zhana-tameki-tashygandar-tovarynan-da-transportunan-da-ajrylyshat-salyk-kyzmaty/
- Published: 2022-11-25T10:05:54.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:44:01.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын Салык кызматы мыйзамсыз алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки ташуучуларга товарын транспорту менен кошо тартып алаарын эскертти. Мамлекеттик салык кызматы таксисттерге өзгөчө көңүл бурат.**

Салык кызматы алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки продукциясын мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын, анын ичинде мыйзамсыз сатуу үчүн товарларды ташуу фактыларын аныктоо боюнча ишин күчөткөнүн билдирди.

> «Өлкөнүн аймагында, өзгөчө такси айдоочулар тарабынан жасалма акциздик маркалар менен же маркасыз, ошондой эле уруксат кагаздары жок (анын ичинде коштомо кагаз (накладная), эсеп-фактура, ошондой эле электрондук варианттары) ташуу фактылары аныкталган учурда, ташылган жүктөр аларды ташуу үчүн колдонулган транспорт каражаттары менен бирге убактылуу камакка алынат», – деп эскертти ведомство.