> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бул жылы камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип төлөгөндөр эки эсеге өстү - Соцфонд
- URL: https://im.kg/all/2022/11/28/bul-zhyly-kamsyzdandyruu-t-g-md-r-n-kechiktirip-t-l-g-nd-r-eki-esege-st-socfond/
- Published: 2022-11-28T17:15:17.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:39:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=aaUghXVF0Nk) Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев 2022-жылдын он айына карата камсыздандыруу төгүмдөрүн кечиктирип төлөгөндөр көп болуп жатканын билдирди.**

Жыйында комитеттин мүчөсү депутат Фарход Алимжанов эмнеге 2022-жылы Соцфонддо туумдун көлөмү, тагыраак айтканда, өз убагында төлөнбөгөн, чегерилбеген камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдун көрсөткүчтөрү өсүп кеткенин сурады. Ал кабыл алынган бюджеттен эки эсеге – **50 млн сомдон 115 млн сомго** өсүп кеткен. 

> “Бюджетте 2022-жылы 50 млн сом каралган, азыркы күндө салыкчылар 100 млн сомдон көп чогултушту. Туумдар ар бир кечиктирилген күнгө 0.1% өлчөмүндө салынат. Ал ар бир айдын 15-числосуна чейин төлөш керек, бирок бул жылы кечиккендер көп болууда”, – деди Соцфонддун өкүлү.

Депутаттын туумдан жыйналган акчага Соцфонддун кызматкерлерине үстөк айлык акылар, сый акылар берилбейби деген суроосуна фонддун өкүлдөрү ал үчүн атайын административдик башкаруу чыгымдарынан каралары тууралуу билдирди.

[](https://www.youtube.com/@user-xy5ot8js6f)