> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын Улуттук банкында 40 тоннага жакын «Кумтөр» алтыны сакталып турат - Садыр Жапаров
- URL: https://im.kg/all/2022/11/28/kyrgyzstandyn-uluttuk-bankynda-40-tonnaga-zhakyn-kumt-r-altyny-saktalyp-turat-sadyr-zhaparov/
- Published: 2022-11-28T09:52:12.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:39:55.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Учурда Кыргызстандын Улуттук банкында 40 тоннага жакын “Кумтөр” алтыны сакталып турат. Бул тууралуу Садыр Жапаров Курултайдын ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып билдиргенин президенттин маалымат кызматы билдирди.**

Эскерте кетсек, 25-26-ноябрь күндөрү Бишкекте өткөн Биринчи Элдик Курултай өз ишин аяктады. Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан, ошондой эле чет өлкөлөрдө жашаган мигранттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрүнөн турган миңден ашуун делегат катышты.

> “Садыр Жапаров улуттун менчиги болгон “Кумтөр” кени, аны кайтаруу процессиндеги кыйынчылыктарга карабастан, Кыргызстанга кайтарылганына токтолуп, басым жасады. Учурда Кыргызстандын Улуттук банкында **40 тоннага жакын** “Кумтөр” алтыны сакталып турат”, – деп айтылат маалыматта.

Президент ошондой эле мамлекеттик системадагы кадр саясаты, кармалган активисттер, чет мамлекеттерде жазасын өтөп жаткан 900 кыргызстандыкты экстрадициялоо боюнча суроолорго жооп берген.