> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# REST POINT туристтик бекеттерине жабдыктарды алууга тендер жарыяланды
- URL: https://im.kg/all/2022/11/28/rest-point-turisttik-beketterine-zhabdyktardy-aluuga-tender-zharyyalan/
- Published: 2022-11-28T14:23:52.000Z
- Updated: 2022-11-28T14:26:54.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**“КРда туризмди өнүктүрүү фонду” 5 REST POINT туристтик бекеттерине жабдык, эмерек, видео көзөмөл жабдыктарын алууга тендер жарыяланганын билдирди.**

Аталган фонд потенциалдуу жеткирүүчүлөрдү сынакка катышууга чакырат. Документтердин пакети жана коммерциялык сунуш конвертке салынып, 2022-жылдын 29-ноябрында Бишкек убактысы боюнча саат 14:00гө чейин Бишкек ш., Эгембердиев көч., 1 А. дарегине жеткирилиши керек.

> “Катышуучулар конкурстук табыштамаларды ачуу жол-жобосуна катыша алышат. Сынакка коюлган талаптар (техникалык тапшырма) www.fundtourism.com сайтында «САТЫП АЛУУ» бөлүмүндө жайгаштырылган”, – деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн байланыш телефону: 0 312 59-27-01