> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Соодагерлер патент менен 2024-жылга чейин иштей алышат
- URL: https://im.kg/all/2022/11/28/soodagerler-patent-menen-2024-zhylga-chejin-ishtej-alyshat/
- Published: 2022-11-28T13:32:31.000Z
- Updated: 2022-11-28T13:35:13.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинети салыктык түзөтүү долбоорун демилгелеп, анда соода ишмердүүлүгүнө алынган патенттердин жарактуулук мөөнөтүн 2024-жылдын 1-январына чейин белгилөөнү сунуштады. Документ Жогорку Кеңештин [сайтында](http://kenesh.kg/ru/draftlaw/618602/show) коомдук талкууга чыгарылды.**

Ал эми 2024-жылдан тарта соода тармагын **бирдиктүү** салыкка өткөрүү сунушталууда.

Эске салсак, ыктыярдуу патентти жоюу 2019-жылдан бери эле [пландалып](https://economist.kg/novosti/2019/08/17/dobrovolnye-patenty-dlya-magazinov-otmenyajut-ih-perevedut-na-obshhij-nalogovyj-rezhim-i-zastavyat-ustanovit-kkm-onlajn/) келет. Үстүбүздөгү жылдын июль айында президент «ЧОИни колдоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Токтомдун алкагында министрлер кабинетине соода субъектилери үчүн бирдиктүү салыктын жеңилдетилген ставкасын белгилөө каралып, бирок контролдук-кассалык машиналарды жана/же электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү түрдө колдонууну караган мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү тапшырылган.

**Тарифтер төмөндөгүдөй төмөндөтүлөт:**

- 0.5% – жылдык жүгүртүүсү 30 млн сомго чейин
- 1% – жылдык жүгүртүүсү 30 млн сомдон 50 млн сомго чейин.

Бул өндүрүүчүлөргө, күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ), дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды импорттоочуларга тиешеси жок.

> Ошондой эле, тигүү жана текстиль өнөр жайын өнүктүрүүнү колдоо максатында жаңы Салык кодексинде тигүү жана текстиль өнөр жайынын субъекттери **2027-жылдын 1-январына чейинки мезгилде 0.25%** өлчөмүндө бирдиктүү салыктын негизинде жөнөкөйлөштүрүлгөн салык салуунун системасы боюнча салыктарды төлөшү белгиленген.