> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл төлөм карталары күтүлгөндөн эки эсе көп чыккан - 4.6 млн
- URL: https://im.kg/all/2022/11/29/byjyl-t-l-m-kartalary-k-t-lg-nd-n-eki-ese-k-p-chykkan-4-6-mln/
- Published: 2022-11-29T15:29:21.000Z
- Updated: 2023-05-03T09:57:57.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылы 2.4 млн төлөм картасын чыгаруу пландаштырылган, бирок сентябрдын аягында алардын саны 4.6 млн картага жеткен. Бул тууралуу Улуттук банк сунуштаган 2023-2027-жылдарга карата төлөм системасын өнүктүрүү стратегиясында айтылат.**

Мындан тышкары, Улуттук банк кыргызстандыктар карталар аркылуу 33.2 миллионго жакын операция жүргүзөт деп күткөн. Бирок транзакциялардын көлөмү 88.7 миллиондон ашып, ал эми төлөмдөр 183.3 млрд сомдун ордуна **354 млрд сомдон ашкан.**

Ошондой эле, электрондук капчыктардын саны боюнча божомолдор да туура эмес болуп чыккан. 2.3 млн гана күтүлгөнүнө карабастан, алардын жалпы саны 5.4 миллиондон ашкан. Электрондук капчыктар аркылуу операциялардын көлөмү болсо **70 млрд сомдон ашкан** (14.1 млрд сомдук которуу күтүлгөн).