> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кепилдик фонду исламдык кепилдик киргизүүгө даяр – азыр банктар менен сүйлөшүп жатат
- URL: https://im.kg/all/2022/11/29/kepildik-fondu-islamdyk-kepildik-kirgiz-g-dayar-azyr-banktar-menen-s-jl-sh-p-zhatat/
- Published: 2022-11-29T14:53:46.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:36:35.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын Кепилдик фонду банк тармагындагы исламдык принциптердин негизинде насыя алуучулар үчүн исламдык кепилдиктерди иштеп чыкты. Бул продуктту ишке киргизүү үчүн фонд өз өнөктөш банктарынан оң жооп күтүп жатат.**

Бул тууралуу [Economist.kg-ге](http://localhost/info-portal/) Кепилдик фондунун башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди. Анын айтымында, Кепилдик фонду Кыргызстандын төрт банкы менен карыз алуучуларга исламдык насыяларды берүү үчүн ислам кепилдиктерин колдонууну талкуулоодо.

> «Биз исламдык кепилдик инструменттерин киргиздик. Азыр биз ислам принциптерин колдонгон өнөктөш банктарыбыз – «РСК», «Кыргызстан» жана «Бакай» банктарынын \[тастыктоосун\] күтүп жатабыз. Биз алардын кредит алуучуларынын күрөөсү жетишсиз болсо, кепилдик берүүгө даярбыз», – деди Абакиров.

Ошондой эле, Кепилдик фонду жакынкы аралыкта Венгер-кыргыз өнүктүрүү фонду менен кызматташуу келишимине кол коймокчу.