> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кызматынан бошотулду
- URL: https://im.kg/all/2022/11/29/osh-shaarynyn-meri-almaz-mambetov-kyzmatynan-boshotuldu/
- Published: 2022-11-29T11:12:13.000Z
- Updated: 2023-05-03T09:57:42.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.**

Эске сала кетсек, Мамбетов Ош шаарынын мэри болуп былтыр август айында дайындалган. Ал 2014-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болуп, анын ортосунда Мамкаттоону жетектеп, ал жактан кыргыз паспортторун сатуу жана мыйзамсыз берүү жаңжалынан улам кызматтан алынган.

> [Economist.kg](http://localhost/info-portal/) мурда билдиргендей, Башкы прокуратура Алмаз Мамбетовго карата «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча **төрт кылмыш ишин** [иликтеп жатат](https://economist.kg/novosti/2022/10/18/chetyre-ugolovnyh-dela-rassledujutsya-v-otnoshenii-mera-osha-almaza-mambetova/). Бул иштер ал Балыкчы шаарынын мэри болуп турганда козголгон.