> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Сколково» Кыргызстандагы ишкерлерге  технологияларды алып келүүгө кызыкдар
- URL: https://im.kg/all/2022/11/29/skolkovo-kyrgyzstandagy-ishkerlerge-tehnologiyalardy-alyp-kel-g-kyzykdar/
- Published: 2022-11-29T10:57:15.000Z
- Updated: 2023-05-03T09:57:39.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Россиянын «Сколково» инновациялык борбору Кыргызстандын бизнесин технологиялык чечимдер менен камсыз кылууга жана өз резиденттерине Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга жардам берүүгө даяр.**

Бул тууралуу «Сколково» борборунун делегациясы Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жана Кыргызпатенттин өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди, деп [маалымдайт](https://www.rkdf.org/innovaczionnyj-czentr-skolkovo-zainteresovan-v-predostavlenii-sovremennyh-tehnologicheskih-reshenij-kyrgyzstanskim-predprinimatelyam/) ОКӨФ.

> «Сколково» Кыргызстандын аймагындагы долбоорлор үчүн технологиялык чечимдерди жеткирүүгө жана өз резиденттерине жергиликтүү компаниялар менен өнөктөштүктү сунуштоого кызыкдар», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, эки тарап саламаттыкты сактоо жана билим берүү үчүн технологияларды алып келүү, ошондой эле Ысык-Көлдө туризм тармагын өнүктүрүү боюнча кызматташууну талкуулашты.