> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Соода тармагындагы ишкерлер 2023-жылдын 1-январынан тартып электрондук коштомо-кагаз колдонууга милдеттүү
- URL: https://im.kg/all/2022/11/29/sooda-tarmagyndagy-ishkerler-2023-zhyldyn-1-yanvarynan-tartyp-elektronduk-koshtomo-kagaz-koldonuuga-mildett/
- Published: 2022-11-29T14:07:29.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:38:00.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Соода менен алектенген ишкерлер 2023-жылдын 1-январынан тартып электрондук товаротранспорттук коштомо кагаз – накладная (ЭТТН) колдонууга милдеттүү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.**

«ЭТТН» системасында каттоо Салык кызматынын сайтындагы «жеке кабинет» аркылуу жүргүзүлөт. Бул система – ЭТТН чыгарууга, аларды дароо контрагентке жиберүүгө мүмкүндүк берген бирдиктүү портал.

> ЭТТНдин артыкчылыктары – бул анын тездиги, кеңсе жана почта чыгымдарынын азайышы, ошондой эле ички документ жүгүртүүнү оптималдаштыруу жана башкаруунун сапатын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү, деп белгилейт бөлүм.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 15-майынан тартып ЭТТНди мунай жана мунай продуктуларын жана товарларын алып-саткан салык төлөөчүлөр колдонушат. Ал эми 1-июлдан тартып, Евразия экономикалык комиссиясы бекиткен тизмеге кирген товарларды жүгүртүүгө катышкан салык төлөөчүлөр колдонуп башташкан.

> Учурда жергиликтүү салык органдары ЭТТНди колдонууну үйрөтүп жана консультациялык иштерди жүргүзүп жатышат. Кененирээк маалыматты жана консультацияны “ЭТТНди ишке киргизүү” аталган [Telegram-каналынан](https://t.me/+xkafvyhzJRYxYTEy) же катталган жерфдеги салык органынан алса болот.