Айыл чарба министрлиги өлкөдөн жер семирткичтерди экспорттоого тыюу салууну сунуштайт

Айыл чарба министрлиги Кыргызстандан минералдык жер семирткичтерди экспорттоого тыюу салууну сунуштады. Анын максаты – 2023-жылдын жер айдоо мезгилине чейин өлкөнүн дыйкандарына запастарды жеткирүү.

Минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга тыюу салынат, деп айтылат минкабдын сайтында. Бирок, мыйзам долбоорунун маалымдама-негиздемесинде ал көбүнчө Тажикстанга жер семирткичтерди реэкспорттоо каналдарына бөгөт коюуну көздөйт экени белгиленген.

Кыргызстандын түштүк аймактарында талаа жумуштарынын башталышы менен Тажикстанга реэкспорттолушунан улам жер семирткичтердин тартыштыгы келип чыгат. Тажикстанда жазгы талаа иштери Кыргызстанга караганда эртерээк башталгандыктан жана коңшу республикада минералдык жер семирткичтерге болгон суроо-талаптан жана баасынын кымбаттыгынан пайдаланып, алып-сатарлар жер семирткичтерди жер-жерлерден сатып алып, өлкөнүн чегинен тышкары кайра сатышат.

2023-жылы Кыргызстанда эгин айдоо аянты 1 млн 232 миң гектарды түзөт. Бул быйылкы жылга салыштырмалуу 5.8 миң гектарга көп. Республиканын келерки сезондо минералдык жер семирткичтерге болгон муктаждыгы дээрлик эки миң тоннага — 286 миң тоннага чейин көбөйөт, — деп негиздеме актында айтылган.

Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди өндүрүү жок. Алардын көбү – 100 миң тоннага чейин – Өзбекстандан ташылып келет. Кыргызстанга импорттолгон жалпы жер семирткичтердин дагы 30-35%ы Россия жана Казакстандан келет.

Айыл чарба министрлигинин божомолу боюнча газ жана мунай продуктыларына баалардын өсүшүнө байланыштуу 2023-жылы Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандагы заводдордо минералдык жер семирткичтерди өндүрүүнүн өздүк наркы жогорулайт. Бул дыйкандарды ого бетер күч келтирет.

Айыл чарба министрлиги алты айга жер семирткичтерди экспорттоого тыюу салууну сунуштоодо. Минералдык эмес жер семирткичтер, ошондой эле Кыргызстан аркылуу өткөн транзиттик ташуулар эсептелбейт.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Ч.Айтматовго арналып чыгарылган коллекциялык монеталар эл назарында

Улуттук банк буга чейин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып бир нече коллекциялык монеталарды чыгарылганын кечээ эске салды. УБ маалымдагандай, ар бир монета анын чыгармаларынын негизги мотивдерин жана образдарын, ошондой эле улуу жазуучунун бай маданий мурасын жана терең философиясын чагылдырып турат. "Бул коллекция нумизматтар үчүн баалуу экспонат гана болбостон, Чыңгыз Айтматовдун