> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Альянс Алтын» Талас районунун 800гө жакын тургунун иш менен камсыз кылды
- URL: https://im.kg/all/2022/11/30/alyans-altyn-talas-rajonunun-800g-zhakyn-turgunun-ish-menen-kamsyz-kyldy/
- Published: 2022-11-30T13:38:00.000Z
- Updated: 2023-05-03T09:53:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жерүй кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясынын кызматкерлеринин жалпы саны 778 адамды түздү. Бул тууралуу компаниянын финансылык отчетунда айтылат.**

«Альянс Алтын» компаниясынын кызматкерлеринин көбү Талас облусунун тургундары, анын ичинде. Бекмолдо айыл округунан:

- башка аймактардан – **185 кызматкер** (27%)
- Талас районунан – **494 кызматкер** (73%), анын ичинен Бекмолдоев айыл өкмөтүнөн – **201 кызматкер** (Талас районунан кызматкерлердин жалпы санынын 41%).

Ошондой эле компания Талас районунун 361 жашоочусун окутуп, натыйжада, кабыл алуу комиссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча, 2022-жылдын октябрь айына карата алардын ичинен **207** адам «Альянс Алтын» ЖЧКсына **жумушка орношкон.**

> «Биз кызматкерлерибизге эң жакшы шарттарды түзүүгө аракет кылабыз. Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чаралар такай өткөрүлүп турат. Окуу борборунда ар бир кызматкер билимге жана өндүрүш процессин өркүндөтүү боюнча билим алып турат», – деп белгилешти компаниядан.