> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Банктар акча алмаштырууда ККМ колдонууга каршы чыгышты
- URL: https://im.kg/all/2022/11/30/banktar-akcha-almashtyruuda-kkm-koldonuuga-karshy-chygyshty/
- Published: 2022-11-30T16:03:48.000Z
- Updated: 2023-05-03T09:54:09.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын банктары акча алмаштырууда кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга каршы чыгышты. Бул талап Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга жарыяланган Салык кодексине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жыйнагында камтылган.**

Кыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев “Кепилдик фондунун” өлкөдөгү чакан жана орто бизнестин абалы боюнча изилдөөсүнүн жыйынтыгын айтып берип жатып, ЖК өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулаганда **банктар өз позициясын коргоп** чыгарын билдирди.

Абдраевдин айтымында, Кыргызстандын банк коомчулугу бул чара буга чейин колдонулуп келген нормаларды кайра кайталайт деп эсептейт.

> «Азыр Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралып жатат. Тилекке каршы, биздин кээ бир каалоолорубуз эске алынган жок. Тактап айтканда, **банк сектору ККМге каршы.** Биз азыртан эле онлайн иштеп жатабыз, маалымат ансыз деле жөнөтүлүп турат. Бирок бизди ККМ менен дагы кошумча операцияларды жүргүзүүгө мажбурлагысы келип жатышат», – деди ал.