Банктар акча алмаштырууда ККМ колдонууга каршы чыгышты
Кыргызстандын банктары акча алмаштырууда кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга каршы чыгышты. Бул талап Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга жарыяланган Салык кодексине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жыйнагында камтылган.
Кыргызстандын банктар союзунун президенти Анвар Абдраев “Кепилдик фондунун” өлкөдөгү чакан жана орто бизнестин абалы боюнча изилдөөсүнүн жыйынтыгын айтып берип жатып, ЖК өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулаганда банктар өз позициясын коргоп чыгарын билдирди.
Абдраевдин айтымында, Кыргызстандын банк коомчулугу бул чара буга чейин колдонулуп келген нормаларды кайра кайталайт деп эсептейт.
«Азыр Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү каралып жатат. Тилекке каршы, биздин кээ бир каалоолорубуз эске алынган жок. Тактап айтканда, банк сектору ККМге каршы. Биз азыртан эле онлайн иштеп жатабыз, маалымат ансыз деле жөнөтүлүп турат. Бирок бизди ККМ менен дагы кошумча операцияларды жүргүзүүгө мажбурлагысы келип жатышат», – деди ал.