> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектен Шарм-эш-Шейхке чартердик каттам ачылды
- URL: https://im.kg/all/2022/11/30/bishkekten-sharm-esh-shejhke-charterdik-kattam-achyldy/
- Published: 2022-11-30T12:50:07.000Z
- Updated: 2023-05-03T09:53:54.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкектен Египеттин Шарм-эш-Шейхине түз аба каттамдары ачылды. Алар жумасына бир жолу учат. Азырынча каттамдардын календарь боюнча так расписаниеси жок.**

Египеттин Red Sea Airlines авиакомпаниясы Шарм-эш-Шейх – Бишкек – Шарм-эш-Шейх багыты боюнча чартердик каттамдарды ачты. Рейстер Кувейт аркылуу Boeing 737-800 учагында ишке ашырылат. Бул тууралуу Fligtradar24 авиапорталынын маалыматы тастыктайт.

“Манас” эл аралык аэропортунун Фейсбуктагы расмий баракчасында [маалымдалгандай](https://www.facebook.com/416151287345945/posts/448083084152765), 2022-жылдын күз-кыш мезгилиндеги биринчи чартердик рейс жекшемби күнү, 30-октябрда, Кыргызстандын борборунан Египетке учуп кеткен.

> Айтылган убакыттан бери Шарм-эш-Шейхке төрт чартердик каттам аткарылды. Акыркысы 29-ноябрда, шейшемби күнү учкан. Азырынча Шарм-эш-Шейхке каттам «Манас» аэропортунун сезондук расписаниесинде жок – чартердин жуманын күндөрүнө байланышы жок.

Red Sea Airlines — Египеттин чартердик авиакомпаниясы. Ал 2021-жылы түзүлгөн. Fligtradar24 авиапорталынын маалыматы боюнча, авиакомпаниянын паркында бир гана учак бар – Boeing 737-800\. Авиакомпания ишке киргенде, бул типтеги учактар ​​паркы эконом класстагы 189 жүргүнчүнү ташууга ылайыкташа турганы кабарланган.