> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Каттоосу жок пенсия төлөө токтотулат деген маалымат туура эмес - Соцфонд
- URL: https://im.kg/all/2022/11/30/kattoosu-zhok-pensiya-t-l-toktotulat-degen-maalymat-tuura-emes-socfond/
- Published: 2022-11-30T09:50:37.000Z
- Updated: 2023-05-03T09:53:43.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Пенсионерлер пенсияларды төлөө токтотулбашы үчүн Соцфонддо каттоодон өтүшү керек эмес. Мындай түшүндүрмөнү Социалдык фонд берди.**

Ведомствонун кызматкерлери белгилешкендей, бүгүн WhatsApp жана Telegram-дагы группалар аркылуу “декабрь айынан тартып каттоодон өтпөй калган пенсионерге пенсия төлөө токтотулат” деген билдирүү тарай баштады. Бул маалымат туура эмес.

> «Пенсияны төлөө токтотулбайт. 2022-жылдын декабрь айында Соцфондго кайрылуунун зарылчылыгы жок», — деп айтылат билдирүүдө.

Суроолор жана толук маалымат алуу боюнча төмөнкү телефондорго чалсаңыздар болот: 0312 53 17 49, 0312 53 49 29, 0312 53 05 10, 0312 53 04 73, 0312 53 18 93.