> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЖКККББ унаага тартылган сүрөт жана жазуулар үчүн коррупциялуу айып пулду кайра кайтарып жатат
- URL: https://im.kg/all/2022/11/30/zhkkkbb-unaaga-tartylgan-s-r-t-zhana-zhazuular-ch-n-ajyp-pul-bojuncha-korrupciyalyk-normany-kajtaryp-zhatat/
- Published: 2022-11-30T10:38:25.000Z
- Updated: 2023-05-31T03:52:15.000Z
- Author: Бактынур Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда унааларга тартылган сүрөт жана жазуулар үчүн айып пулдун нормасы кайтышы мүмкүн. Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитеттин отурумунун жыйынтыгын депутат Дастан Бекешев билдирди.**

Анын айтымында, норма эки жыл мурун алынып салынган, бирок ЖКККББ (ГУОБДД) аны кайра кайтарууну чечкен.

> «Бул убакыттын ичинде коркунучтуу эч нерсе болуп кеткен жок. Бирок МАИчилер айдоочулардан кошумча акча алыштын айласын табышы керек да. Тилекке каршы, комитетте алардын сунушу өткөрүлдү», – деп белгиледи депутат.