ЖКККББ унаага тартылган сүрөт жана жазуулар үчүн коррупциялуу айып пулду кайра кайтарып жатат
Кыргызстанда унааларга тартылган сүрөт жана жазуулар үчүн айып пулдун нормасы кайтышы мүмкүн. Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитеттин отурумунун жыйынтыгын депутат Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, норма эки жыл мурун алынып салынган, бирок ЖКККББ (ГУОБДД) аны кайра кайтарууну чечкен.
«Бул убакыттын ичинде коркунучтуу эч нерсе болуп кеткен жок. Бирок МАИчилер айдоочулардан кошумча акча алыштын айласын табышы керек да. Тилекке каршы, комитетте алардын сунушу өткөрүлдү», – деп белгиледи депутат.