> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 673 ААК жана 550 ЖАК бар
- URL: https://im.kg/all/2022/12/01/kyrgyzstanda-673-aak-zhana-550-zhak-bar/
- Published: 2022-12-01T15:06:27.000Z
- Updated: 2022-12-01T15:21:19.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРда 673 Ачык Акционердик Коому (ААК) жана 550 Жабык Акционердик Коому (ЖАК) бар. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрдагы Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=suvUToI6Kco) Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.**

Анын айтымында, акционердик коомдордун уставдык капиталынын эң төмөнкү көрсөткүчү **100 миң сомдон** жогору болуш керек.

Жыйында депутаттардын ошол коомдордо мамлекеттин үлүшүн көбөйтүүгө мүмкүнбү деген суроолоруна, Сыдыков Юстиция министрлиги болгону каттоо жаатындагы эле саясатты алып барарын билдирди.

> “Акционерлер жөнүндө маалымат бизде болбойт, АК жөнүндөгү мыйзамга ылайык, акционерлер тууралуу реестр кармоочу, тагыраак айтканда, баалуу кагаздардын ээлерин каттоо боюнча иш алып баруучуда болот. Алардын мүлктөрүн биз башкарууга укугубуз жок”, – деди ал.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеште “Акционердик коомдор жөнүндө”, “Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.