> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандык ишкерлер Германияда дагы үч жыл стажировкадан өтө алышат
- URL: https://im.kg/all/2022/12/01/kyrgyzstandyk-ishkerler-germaniyada-dagy-ch-zhyl-stazhirovkadan-t-alyshat/
- Published: 2022-12-01T15:57:21.000Z
- Updated: 2022-12-01T16:19:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Башкаруудагы кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча «Fit for Partnership with Germany» программасы 2023-2025-жылдарга чейин узартылды. Ага ылайык, кыргызстандык ишкерлер үч жыл бою Германияда стажировкадан өтө алышат.**

Программаны улантуу боюнча биргелешкен декларацияга 30-ноябрда Бишкекте КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдрахманов менен Германиянын Экономика жана климатты коргоо федералдык министрлигинин өкүлү Хайнц Хетмайер кол коюшту. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

> Программанын аркасында ата мекендик ишкерлер Германияда стажировкадан өтүүгө жана өндүрүш жана өнөр жайдагы алдыңкы европалык тажрыйбаны өздөштүрүү, ошондой эле Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк алышат.

2022-жылдан баштап окууну онлайн жана аралыктан өтүү мүмкүн болуп баштаган. Германияда болуу эки жумага кыскартылып, дагы алты жума катышуучулар немис компаниялары менен бизнес түзүүгө онлайн режиминде даярданышат.

---

**«Fit for Partnership with Germany»** программасы аркылуу башкаруучу кадрларды даярдоо боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга 2007-жылы кол коюлган. Анын алкагында жыл сайын кыргызстандык ишкерлер Германияда стажировкадан өтүшөт. Долбоор Германиянын Экономика жана климатты коргоо министрлиги тарабынан каржыланат. Каржылык чыгымдардын 90%ын немис тарап көтөрөт.