> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош базардагы «Берекет» ЖАКтын администрациясы соодагерлерди кысымга алууда
- URL: https://im.kg/all/2022/12/01/osh-bazardagy-bereket-zhaktyn-administraciyasy-soodagerlerdi-kysymga-aluuda/
- Published: 2022-12-01T11:12:12.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:09:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Ош базардагы “Берекет” ЖАКтын администрациясы соодагерлерди кысымга алууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрдагы Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=suvUToI6Kco) депутат Камила Талиева билдирди.**

Депутаттын айтымында, аталган соода борборунан бир топ ишкер аялдар кайрылышкан. Алар 1994-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ижара акысын, салык төлөп иштеп келишкенине карабай “Берекет” базарынын администрациясы акыркы жолу өрт чыккандан кийин ишкерлерди турган жайын “сатып алууга” мажбурлай баштаган.

> “Биз элибизди жумуш менен камсыз кыла албай жатсак, 30-40 жылдан бери ошол жерде соода кылган жарандарыбыздын артынан сая түшүп, ушул жерди сатып алышың керек эле деп, ишкерлерди түйшүккө салуу иштери жүрүп жатат. Соода түйүнүндөгү ишкерлерди ким коргойт?” – деди депутат.

Ошондой эле Талиева тиешелүү органдар чара көрүшү керектигин кошумчалады.