> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Депозиттерди коргоо фонду 230 млн сомго жетти
- URL: https://im.kg/all/2022/12/02/depozitterdi-korgoo-fondu-230-mln-somgo-zhetti/
- Published: 2022-12-02T09:28:18.000Z
- Updated: 2022-12-02T09:28:20.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыгы боюнча жалпы депозиттерди коргоо фонду 4.3 млрд сомдон ашты. Кварталда өсүш 230 млн сомду түздү. Бул тууралуу Депозиттерди коргоо агенттигинин отчетунда айтылат.**

Отчеттук мезгилде киреше **318 млн сомду** түзсө, өткөн кварталда 189 млн сомду гана түзгөн.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери депозиттерди коргоо системасынын катышуучулары фондду 335 млн сомго толуктап, жалпы салым 2.5 млрд сомдон ашкан. Мамлекеттик төгүмдөр өзгөрүүсүз калып, 257.7 млн сомду түздү. Топтолгон таза киреше 1.4 млрд сомдон ашты.