> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кепилдик фонду» 18 банкка сынак өткөрүп, эң мыкты кредиттик адистерди аныктады
- URL: https://im.kg/all/2022/12/02/kepildik-fondu-18-bankka-synak-tk-r-p-e-mykty-kreddik-adisterdi-anyktady/
- Published: 2022-12-02T17:07:36.000Z
- Updated: 2022-12-05T10:40:45.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кепилдик фонду» «Көбүрөөк кепилдиктер – мыкты байге!» байгелик акциясынын жыйынтыгын чыгарды. Ал 2022-жылдын 1-апрелинен 30-сентябрына чейин фонддун өнөктөш банктарынын кредит адистеринин арасында өткөрүлгөн.** 

Аталган фонддун берген [маалыматына](https://banks.kg/news/rsk-bank-became-best-bank-in-shares-of-guarantee-fund?fbclid=IwAR1GZpVfQg7SFr9O5JJXUK6g5w81RKsERv-g%5Fh83GL1ZRp-94rl0%5F6pzTb0) таянсак, акция Кыргызстандын бардык аймактарын жана борборду камтып, ага «Кепилдик фонд» ААКтын, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, «Салым Финанс» ААК МФКнын жана «Элет-Капитал» МФК ЖАКтын **18 өнөктөш банктарынын** кредиттик адистери катышкан.

Бүгүн, 2-декабрда «Кепилдик фонд» ААКтын кеңсесинде Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча акциянын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. 

##### **Акциянын жыйынтыгы боюнча үч номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды:**

- «РСК Банк» ААК Кыргызстандын **эң мыкты банкы** болду. Банк күрөө менен камсыздалган кредиттердин саны боюнча лидер болуп чыккан. Акциянын жүрүшүндө «РСК Банк» 311 упай топтоп, **78 кепилдик** берген.
- Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча **эң мыкты филиалдар** болуп «Керемет Банк» ААК (Бишкек) жана «Айыл Банк» ААК (Карабалта филиалы) табылды.

#### Мыкты кредиттик адистер:

**Бишкекте:**

- **1-орун:** Малик Турсунбеков, **«РСК Банк»** (Башкы офис), 50.4 балл
- **2-орун:** Бактыбек Сапаров, **«РСК Банк»** (Башкы офис), 39.9 балл
- **3-орун:** Жибек Закирова, **«KICB» ЖАК** (Башкы офис), 16.5 балл
- **4-орун:** Ильгиз Муратбеков, **«Capital Bank»**, 16.1 балл.

**Чүй облусу боюнча:**

- **1**–**орун:** Улан Осмоналиев, **«Айыл Банк»** (Кара-Балта филиалы)**,** 12.5 балл
- **2-орун**: Алмаз Баялиев, **«Айыл Банк»** (Кара-Балта филиалы), 6.4 балл
- **3-орун:** Индира Акматова, **«Айыл Банк»** (Кант филиалы), 5.3 балл
- **4-орун:** Ринат Мундузбеков, **«ФинансКредитБанк»** (Кара-Балта филиалы), 3 балл

> “Баалоонун негизги критерийлери болуп “Кепилдик фонду” ААКтын кепилдигинин эң көп саны жана көлөмү үчүн банк кызматкерлерине берилген баллдар эсептелди”, – деп айтылат фонддун маалыматында.

Жеңүүчүлөргө эстелик сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле фонд жакынкы арада Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас жана Ысык-Көл облустарында акциянын катышуучуларына сыйлыктарды тапшырууну пландап жатат.

Эскерте кетсек, **«Көбүрөөк кепилдиктер – мыкты байге!»** акциясына төмөндөгү банктар катышкан: 

- «Айыл Банк» ААК
- Банк «Бай-Түшүм» ААК
- «Бакай Банк» ААК
- «Банк Азии» ЖАК
- «Банк Компаньон» ЖАК
- «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК
- «Дос-Кредобанк» ААК
- «Керемет Банк» ААК
- «Коммерческий банк Кыргызстан» ААК
- «Capital Bank» ААК
- «Кыргызкоммерцбанк» ААК
- «KICB» ЖАК
- «Кыргызско-Швейцарский Банк» ЖАК
- «Оптима Банк» ААК
- «РСК Банк» ААК
- «ФинансКредитБанк» ААК
- «ФИНКА Банк» ЖАК
- «Халык Банк Кыргызстан» ААК
- ОКӨФ
- «МФК «Салым Финанс» ААК
- «МФК «Элет-Капитал» ЖАК.

- [![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/kepildik.png)](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/12/kepildik.png)